Былтыр айыл чарбасынын дүң продукциясы 459,7 млрд сомго жетти

Былтыр айыл чарбасынын дүң продукциясы 459,7 млрд сомго жетти

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн республикалык кеңешмеде 2025-жылы экономиканын реалдуу секторунда аткарылган иштер тууралуу баяндама жасады.

Анын айтымында, 2025-жылы реалдуу сектор туруктуу өсүштү камсыз кылды. Айыл чарбасынын дүң продукциясы 459,7 млрд сомго жетип, 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик 63 млрд сомго көбөйдү. Тармак ИДПнын 10%ын түзүп, экономикалык жактан активдүү калктын 20%ке чейинкисин жумуш менен камсыз кылууда. Жеңилдетилген насыялоого 12,6 млрд сом бөлүнүп, айыл чарба техникасынын паркы 92 миң бирдикке жетти.

Ирригация тармагында 4 455 гектар жаңы сугат жер пайдаланууга берилип, 40 айыл таза ичүүчү суу менен камсыздалды. Бул максатта бюджеттен 3,7 млрд сом каралган.

Энергетикада 2025-жылы орнотулган кубаттуулук 213,6 МВтга көбөйдү. 8 кичи ГЭС жана 100 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы ишке кирди. CASA-1000 долбоорунун электр берүү линиясы пайдаланууга берилди. 2026-жылы дагы 13 кичи ГЭС жана 850 МВт кубаттуулуктагы күн станцияларын ишке киргизүү пландалууда.

Тоо-кен тармагында салыктык түшүүлөр 65,4 млрд сомго жетип, өсүү 58% түздү. Курулуш секторунда 3,5 млн чарчы метр турак жай жана социалдык объектилер пайдаланууга берилди. "Менин үйүм" программасына 40,2 млрд сом багытталып, 80 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүүдө.

Транспорт тармагында 1 545 км жол асфальтталып, Балыкчы–Кочкор темир жолу узартылды. Барскоон–Бедел автожолунун курулушу башталды.

Авиация тармагында аэропорттор 2,3 млрд сомго үч учак сатып алышты. Ички аэропорттук инфраструктураны модернизациялоого 8,4 млрд сом багытталып, 11 аэропорт сертификациядан өттү.

Министр 2026-жылы өндүрүш көлөмүн мындан ары көбөйтүүгө жана инфраструктураны модернизациялоого басым жасаларын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 5 жылда 2 трлн сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлгөн

Кыргызстанда 5 жылда 2 трлн сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлгөн

Беш жылдын ичинде айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмү 2 триллион сомго чамалаганын Садыр Жапаров бүгүн "Ынтымак Ордодо" өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. "Өзүңүздөр билгендей, өлкө калкынын 60%ы айыл жеринде жашайт. Демек, агрардык секторду өнүктүрүү жарандардын көпчүлүгүнө түздөн-түз кам көрүү дегенди билдирет. Беш жылдын ичинде биз айыл жергесиндеги

Кытайдан Кыргызстанга алынып кирген техникалардын баасынан бурмалоолор аныкталды

Кытайдан Кыргызстанга алынып кирген техникалардын баасынан бурмалоолор аныкталды

Кытайдан Кыргызстанга автоунааларды алып кирүүдө массалык бурмалоо фактылары аныкталганын Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Контрабандага каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери мониторинг жана маалыматтарды талдоо учурунда автоунаалардын чыгарылган жылын өзгөртүү жана так эмес маалыматтарды камтыган документтерди берүү боюнча системалуу учурларды аныкташкан. Мунун кесепетинен бажы төлөмдөрү толук төлөнбөй

Ноокат районунда 200 гектар жерге буудай, арпа эгилди

Ноокат районунда 200 гектар жерге буудай, арпа эгилди

Ноокат районунда аба ырайына байланыштуу быйыл себүү иштери 10–15 күнгө эрте башталганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата райондо 200 гектардан ашык жер айдалып, анын ичинен 120 гектарына буудай, 36 гектарына арпа себилди. Ошондой эле район аймагында 8 473

С.Жапаров: Быйыл "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа базасы иштеп баштайт

С.Жапаров: Быйыл "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа базасы иштеп баштайт

Ысык-Көл облусундагы эң ири "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластеринин биринчи фазасы быйыл декабрда ишке берилерин президент Садыр Жапаров бүгүн "Ынтымак Ордодо" өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Президенттин айтымында, бардык сезонду камтый турган бул долбоор жаңы туризм тармагын түзүп, миңдеген жумуш орундарын камсыздайт. "Ошондой эле долбоор өлкөнү эл