МИК 5 айлык баласы менен курьер болгон келинге батир тапшырды

МИК 5 айлык баласы менен  курьер болгон келинге батир тапшырды

Бишкекте беш айлык баласы менен курьер болуп иштеген, “Азаттыктын” каарманы Байыркан Куттубек кызына Мамлекеттик ипотекалык компания батир берилгенин 1-мартта мекемеден билдиришкен.

Беш айлык кызын бешик арабага сүйрөп курьер болуп иштеп жүргөн 30 жаштагы келин тууралуу “Азаттык” 26-февралда видео даярдаган. Ал күйөөсүнүн зомбулугуна кабылып, коргоо ордерин алып кризистик борбордо баш калкалап жаткан. Көз жаргандан төрт күн өткөндөн кийин эле жумушка чыгып, тигүү цехинен иш тапканын айтып берген.

Куттубек кызы тууралуу видео жарыялангандан кийин элден анын эсебине чогулган каражат 1 млн сомдон ашканын өзү аталган редакцияга билдирген.

Курьер келин тууралуу башка блогерлер да видео жарыялап, социалдык тармактарда кызуу талкууга түшкөн.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 8 автобус каттамынын кыймыл - чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкекте 8 автобус каттамынын кыймыл - чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабы оңдоо иштерине байланыштуу жабылгандыктан, 8 автобус каттамынын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Тактап айтканда, №17, №32, №42, №145, №212, №215, №254 жана №14т каттамдары убактылуу Профсоюз көчөсү аркылуу жүрүшөт. Эске салсак, Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсү менен Кайназарова көчөсүнүн ортосундагы

Бишкекте бийик имараттарды курууда жаңы технологиялар колдонулууда

Бишкекте бийик имараттарды курууда жаңы технологиялар колдонулууда

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов адистер менен бирге Бишкектеги көп кабаттуу курулуш объектилеринде колдонулуп жаткан технологиялар менен таанышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Алар курулуштун жүрүшүн, инженердик чечимдерди жана техникалык коопсуздук чараларын карашты. Бийик имараттарда вертикалдык көтөрүүчү элементтер үчүн болот-темирбетон (курамдуу) конструкцияларын колдонуу

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев Кыргызстандын Борбор Азиянын энергошакекчесине катышуусу тууралуу маселени көтөрдү. Ал буга чейин өлкөнүн энергошакекчеден чыгуу мүмкүнчүлүгү талкууланганын эске салды. Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов маалымдагандай, энергошакекче ишин улантууда жана учурда андан чыгуу маселеси карала элек. "

"Кумтөр" 702 млн сомго ири энергетикалык объекттерди курат

"Кумтөр" 702 млн сомго ири энергетикалык объекттерди курат

"Кумтор Оперейтинг Компани" ЖАКы Жети-Өгүз районунда ири энергетикалык объекттерди куруу боюнча тендер жарыялады. Долбоордун жалпы баасы 702,8 млн сомго жакын деп бааланууда. Тендердик документтерге ылайык, төмөнкү объекттер курулат: * Сары-Бел жайлоосунда 110/35/6 кВ көмөкчордону; * 110/10 кВ "Ак-Шыйрак" көмөкчордонунан Сары-Белге чейин 110 кВ аба