Бишкекте кудуктардын капкактарын жол деңгээлине чейин көтөрүү иштери жүрүүдө
Бишкек шаарында жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери уланууда. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын бригадалары Исанов жана Садырбаев көчөлөрүндө кудуктардын капкактарын жолдун деңгээлине чейин көтөрүп, оңдоп жатышат.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, бул иштер жол коопсуздугун жогорулатууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Маалыматка ылайык, быйыл жаңы технологияны колдонуу менен Бишкек шаарында 10 кудуктун капкагы орнотулду.


