Баткенде жасалма мөңгүлөрдө 1,5 млн куб суу топтолду

Баткенде жасалма мөңгүлөрдө 1,5 млн куб суу топтолду

Баткен облусунда айыл чарбасын суу менен камсыздоо маселесин чечүүгө багытталган жасалма мөңгүлөрдү түзүү долбоору ишке ашырылып жатканын президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аппараттын эл аралык кызматташтык, инвестиция жана туризм секторунун башчысы Азизбек Адылбековдун жетекчилиги алдында эл аралык уюмдардын жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн делегациясы менен жолугушту. Сүйлөшүүлөргө  Россия башкы консулдугунун Оштогу башкы консулу Роман Свистин, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлү Олег Гучгельдиев жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлү Дмитрий Прудских катышты.

Тараптар аймакта климатка туруктуу ыкмаларды кеңейтүү, суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу жана ирригациялык инфраструктураны модернизациялоо маселелерин талкуулашты. Ошондой эле жасалма мөңгүлөр долбоорунун алкагында кызматташууну чыңдоо жана жаңы биргелешкен демилгелерди өнүктүрүү тууралуу сөз болду.

Жолугушуудан кийин делегация Лейлек районунун Көк-Таш айылындагы Айна-Таш капчыгайында жайгашкан жасалма мөңгүнү көрүп чыкты.

Жасалма мөңгүлөр — бул кыш мезгилинде сууну топтоп, жаз жана жай айларында талааларды сугаруу үчүн пайдаланууга мүмкүнчүлүк берген заманбап ыкма. Бул технология суу тартыштыгы бар аймактар үчүн өзгөчө маанилүү.

Баткен облусунда жалпысынан жети жасалма мөңгү курулган: Баткен районунун Газ, Согмент, Булак-Башы жана Кайыңды айылдарында, ошондой эле Лейлек районунун Айбийке, Көк-Таш жана Сумбула айылдарында.

Кышкы сезон жыйынтыгы менен аларда 1,5 миллион куб метрден ашык суу топтолгон.

Долбоор эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашырылып, аймактын туруктуу өнүгүшүнө жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Котур-Каманда 21,7 млн сомдук спорт залдын курулушу аяктап калды

Котур-Каманда 21,7 млн сомдук спорт залдын курулушу аяктап калды

Манас шаарына караштуу Т. Тайгараев аймактык башкармалыгынын Котур-Каман айылында заманбап спорт залдын курулушу дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоорго жергиликтүү казынадан 21 млн 792 миң сом бөлүнгөн. Учурда имаратта акыркы курулуш иштери жүрүп, керектүү жабдуулар менен камсыздалып жатат. Белгиленгендей, жаңы спорттук

Токтогулда төрт социалдык объект курулууда

Токтогулда төрт социалдык объект курулууда

Токтогул шаарында балдар реабилитациялык борбору жана оорукананын 100 орундуу кошумча имараты курулуп жатат. Объектилер пайдаланууга берилгенден кийин медициналык жана реабилитациялык кызматтардын жеткиликтүүлүгү кеңейет. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Таласбай кичи районунда 750 орундуу жаңы мектеп да курулууда. Учурда курулуш иштеринин 75%ы аткарылды. Жаңы билим берүү мекемесинде окуучулар үчүн

Чүйдө шамалдан чатыры бузулган мектепке 2,2 млн сомдон ашык кенемте төлөндү

Чүйдө шамалдан чатыры бузулган мектепке 2,2 млн сомдон ашык кенемте төлөндү

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка айылында жайгашкан Жусуп Абдрахманов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин чатыры катуу шамалдан улам эки ирет жабыркаган. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, жалпы чыгымдар каралып чыккан соң, мектепке 2 миллион 211 миң 220 сом өлчөмүндө камсыздандыруу каражаты бөлүндү. Белгиленгендей, аталган каражат мектептин чатырын

Айтматов проспектисиндеги 14 светофор жаңыланды

Айтматов проспектисиндеги 14 светофор жаңыланды

Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан 14 светофордук объект жаңыланып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, жаңылоо иштерин мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти жүргүзгөн. Светофорлор заманбап талаптарга ылайыкташтырылды. Жүргүзүлгөн иштер жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, транспорт агымын натыйжалуу жөнгө салууга жана айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөр