Кыргызстан менен JICA ишкерликти колдоо боюнча кызматташууну талкуулады

Кыргызстан менен JICA ишкерликти колдоо боюнча кызматташууну талкуулады

Кечээ Экономика жана коммерция министрлигинде экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Жапониянын финансылык институттарынын жана Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушууда тараптар чакан жана орто ишкердикти мамлекеттик колдоо саясаты, бизнести каржылык колдоо механизмдерин өнүктүрүү жана ишкерлердин кредиттик ресурстарга жетүүсүн кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле бул багытта Кыргыз Республикасынын Кепилдик фондунун ролуна өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргыз тарап жолугушуунун катышуучуларына чакан жана орто ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү боюнча 2030-жылга чейинки программаны иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Бул программа ишкердик жүргүзүү шарттарын жакшыртууга жана ишкерлердин финансылык ресурстарга жетүүсүн кеңейтүүгө багытталган.

Жапон тарап өз кезегинде Жапониядагы кредиттик кепилдиктер системасынын иштөө тажрыйбасы менен бөлүшүп, анын чакан жана орто бизнестин банктык каржылоого жетүүсүн камсыз кылууда маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Айрыкча бул система жаңы баштаган ишкерлер жана жетиштүү күрөө камсыздоосу жок компаниялар үчүн маанилүү экени айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар чакан жана орто бизнести колдоо чөйрөсүндө кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө жана тажрыйба алмашууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкек шаарынын 7-кичи районунда 3-ноябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан маалымдады. Билдирүүгө ылайык, бул күнү аймактагы суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Өчүрүү 7-кичи райондун №33, 34, 34/1, 35, 36, 37, 38, 38/1, 39, 40, 41, 43,

Ишкер Media
Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткен облустарында Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата мектеп окуучулары жана студенттер үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27–30-октябрь күндөрү Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгынын өкүлдөрү Талас, Бакай-Ата, Айтматов жана Манас райондорундагы төрт мектептин жогорку класстарынын окуучуларына лекция өтүштү.

Ишкер Media
Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Министрлер кабинети баалуу кагаздар рыногунун ишин жөнгө салууга багытталган жаңы жоболорду бекитти. Тиешелүү №732 токтом 2026-жылдын 29-октябрында кабыл алынды. Бул тууралуу Финкөзөмөлдөн билдиришти. Документке ылайык, Улуттук депозитарийдин ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо жана Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү, ошондой эле баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүү тартиби

Ишкер Media
Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Вецель менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушууда айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматташтык маселелери талкууланды. Жыйынтыгында тараптар "Борбордук Азияда климаттык тобокелдиктерди

Ишкер Media