Н.Орунтаев: Быйыл курулуш тармагында ири долбоорлор ишке ашат

Н.Орунтаев: Быйыл курулуш тармагында ири долбоорлор ишке ашат

Быйыл Кыргызстанда жаңы мектептерди куруу, социалдык объектилерди бүткөрүү жана курулуш тармагын санариптештирүү боюнча бир катар иштер жүргүзүлөт. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында өткөн коллегиялык жыйында билдирди.

Анын маалыматына ылайык, быйыл Бишкек шаарында 20, Ош шаарында 10, Манас шаарында 6 жаңы мектеп куруу пландалууда. Мындан тышкары, Сауд өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Бишкекте 5 жаңы мектеп жана 7 окуу корпусу, ошондой эле Чүй облусунда 2 мектеп курулат. Ошондой эле мурда башталган социалдык объектилер толук бүткөрүлөт.

Мындан тышкары, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарында тиешелүү филиалдарды ачуу, оңдоп-түзөө жана курулуш иштерин жүргүзүү пландалууда.

Ошондой эле 31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата Талас шаарында "Баластан" балдар борборукурулуп, "Манас Ордо" улуттук комплекси жана "Чыңгыз Ааламы" тарыхый-маданий комплексиреконструкцияланат.

Курулуш тармагында санариптештирүү иштери да улантылып, лицензиялоо, сертификациялоо жана шаар куруу кызматтары электрондук форматка өткөрүлөт. Ошондой эле автоматташтырылган геомаалыматтык системалар жана шаар куруу долбоорлору ишке киргизилет.

Мындан тышкары, 2026-жылы заманбап административдик имараттар жана техникалык базалар курулуп, курулуш материалдарын сыноо жана сапатын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилет. Ошондой эле мамлекеттик экспертиза жана архитектура-курулуш көзөмөлүн күчөтүү аркылуу мыйзамсыз курулуштарды азайтуу боюнча иштер жүргүзүлөт.

Бул иштер курулуш тармагында социалдык жана административдик объектилерди сапаттуу жана ыкчам курууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен