Жакынкы Чыгыштан 2200дөй кыргызстандык эвакуация кылууну суранган
4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн эвакуациялоо өтүнүчү менен дипломатиялык өкүлчүлүктөргө болжол менен 2200 кыргызстандык кайрылганын билдирди.
Бириккен Араб Эмираттары
БАЭден эң көп кайрылуулар түшкөн жана бул жакта болжол менен 10 миңге жакын кыргызстандык бар. Алардын ичинен 1200 адам эвакуация сураган. Көпчүлүгү — резиденттер, башкача айтканда, иштеп жана жашап жүргөн жарандар.
Сауд Арабиясы
Саудовская Аравиянда болжол менен 7 миң кыргызстандык бар. Алардын ичинен 1 миңдейи туруктуу жашоочулар, ал эми 5–6 миңи зыяратчылар. Бул өлкөдөн 1 миңге жакын жаран эвакуация сурап кайрылган.
Иран
Иранда болжол менен 100 кыргызстандык бар. Эвакуацияны бир жаран уулу менен сураган. Алар россиялык тараптын көмөгү менен чыгарылып, учурда Азербайджан аймагында болушууда.
Башка өлкөлөр
Ошондой эле кыргызстандыктар Кувейт, Катар жана Бахрейнде да бар. Бирок Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бул өлкөлөрдөн массалык эвакуация тууралуу кайрылуулар түшкөн эмес.
Жалпысынан Перс булуңу өлкөлөрүндө жана коңшу мамлекеттерде 20 миңге жакын кыргызстандык жүрөт. ТИМ кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүп, аймактагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн ишин координациялоону улантууда.