ЖК депутаттарынын документ жүгүртүүсү электрондук форматка өттү
Парламент депутаттарынын документ жүгүртүүсү электрондук форматка өткөрүлгөнүн бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Марлен Маматалиев билдирди.
Анын айтымында, буга чейин спикердин жана депутаттардын ишин камсыз кылуу үчүн абдан көп кагаз талап кылынчу.
Ал жыйында кагаздардын топтомдорун көрсөтүп, аппарат кызматкерлерин бул документтерди алып кетүүгө чакырды.
"Ишибизди санариптештирүүнүн алкагында документ жүгүртүүнү электрондук форматка өткөрүү чечими кабыл алынды. Жакын арада парламенттик комитеттер да ушундай форматка өтөт. Ошондой эле ишти оптималдаштырууга жардам бере турган жасалма интеллектти киргизип жатабыз", — деп кошумчалады Марлен Маматалиев.