Араванда жазгы талаа иштерине даярдык боюнча кеңешме өттү

Араванда жазгы талаа иштерине даярдык боюнча кеңешме өттү

Араван райондук мамлекеттик администрациясында айыл чарба тармагына арналган кеңешме жыйыны болуп өттү. Жыйынга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков жана Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Жыйында район аймагындагы жазгы талаа иштерине даярдык маселеси каралып, Араван жана Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын 2025-жылдагы негизги багыттар боюнча аткарган иштери тууралуу маалымат угулду.

Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын түшүмү үчүн район аймагында 22 миң гектардан ашык аянтка айыл чарба өсүмдүктөрүн эгүү пландалууда. Анын ичинде буудай, арпа, картошка, жашылча, жүгөрү, бахча өсүмдүктөрү, пахта, тамеки жана күрүч бар.

Мындан тышкары, "Айыл чарбасын каржылоо – 13" долбоорунун алкагында 2025-жылдын аягына карата Араван районунда 208 жаранга жалпы 163,8 млн сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берилгени маалымдалды.

Кеңешменин жүрүшүндө Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев айыл чарба тармагындагы иштерди күчөтүү, дыйкандар менен тыгыз иш алып баруу, тамчылатып сугаруу технологияларын жайылтуу жана асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле берилген насыялардын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө керектигин айтты.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге жазгы талаа иштерин өз убагында жана сапаттуу өткөрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда чакан жана орто бизнеске 6%дык жеңилдетилген насыялар берилет

Кыргызстанда чакан жана орто бизнеске 6%дык жеңилдетилген насыялар берилет

Экономика жана коммерция министрлигинин бизнес чөйрөсүнүн саясаты башкармалыгынын башчысы Аким Насиров бүгүн чакан жана орто бизнести колдоо программасы тууралуу маалымат берди. Министрликтин маалыматына ылайык, учурда өлкөдө: * 20 миңден ашык чакан жана орто ишкана, * 496 миңге жакын жеке ишкер иш алып барууда. Чакан жана орто бизнестин үлүшү ИДПны 51,7%ды

Кытай бензин экспортун убактылуу токтотууну буйруду

Кытай бензин экспортун убактылуу токтотууну буйруду

Кытай бийлиги жергиликтүү мунай иштетүүчү заводдордон автомобилдик бензин жана дизелдик күйүүчү майды экспорттоону убактылуу токтотууну талап кылганын Bloomberg агенттиги жагдайдан кабардар булактарга таянып билдирди. Маалыматка караганда, Пекиндин мындай чечими Жакынкы Чыгыштан чийки мунай жеткирүүдөгү үзгүлтүктөргө байланыштуу кабыл алынган. Бул көйгөйлөр Ирандагы согуштук кырдаалдан улам пайда болгон. Кытай бийлиги бензин менен

Оштогу суу коргоо зонасындагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Оштогу суу коргоо зонасындагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы тарабынан Ноокат районунун Кулатов айыл аймагындагы Абыш-Сай тилкесинде жайгашкан курулуш объектилерине текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө К.А.К. аттуу жаранга тиешелүү 78 гектар жер аянтында курулган кичи жана капиталдык объектилер

Берлинде Кыргызстан менен Германиянын туроператорлору жолугушту

Берлинде Кыргызстан менен Германиянын туроператорлору жолугушту

Кечээ Берлин шаарында ITB Berlin 2026 эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын туроператорлору үчүн расмий кабыл алуу уюштурду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Deutscher Reiseverband (DRV)