Бишкек мэриясында быйылкы айыл чарба каттоосуна даярдык талкууланды

Бишкек мэриясында быйылкы айыл чарба каттоосуна даярдык талкууланды

Бишкек шаарынын мэриясында 2026-жылы өткөрүлө турган айыл чарба каттоосуна даярдык көрүү маселелерине арналган комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти

Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин өткөрүлө турган айыл чарба каттоосунун негизги календардык планынын алкагында аткарылуучу иштер талкууланды.

Кеңешменин жүрүшүндө каттоону сапаттуу өткөрүү максатында тиешелүү персоналды — координаторлорду, инструктор-контролерлорду жана каттоочуларды тандоо жана тартуу маселелери каралды. Мындан тышкары, аларды керектүү жумушчу жайлар жана компьютердик техника менен камсыз кылуу боюнча уюштуруучулук чаралар талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Жыйындын жыйынтыгында Бишкек шаарынын аймагында 2026-жылдагы айыл чарба каттоосун өз мөөнөтүндө жана сапаттуу өткөрүүгө багытталган кошумча милдеттер белгиленип, аларды ишке ашыруунун так мөөнөттөрү аныкталды.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу суу коргоо зонасындагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Оштогу суу коргоо зонасындагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы тарабынан Ноокат районунун Кулатов айыл аймагындагы Абыш-Сай тилкесинде жайгашкан курулуш объектилерине текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө К.А.К. аттуу жаранга тиешелүү 78 гектар жер аянтында курулган кичи жана капиталдык объектилер

Араванда жазгы талаа иштерине даярдык боюнча кеңешме өттү

Араванда жазгы талаа иштерине даярдык боюнча кеңешме өттү

Араван райондук мамлекеттик администрациясында айыл чарба тармагына арналган кеңешме жыйыны болуп өттү. Жыйынга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков жана Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жыйында район аймагындагы жазгы талаа иштерине даярдык маселеси каралып,

Берлинде Кыргызстан менен Германиянын туроператорлору жолугушту

Берлинде Кыргызстан менен Германиянын туроператорлору жолугушту

Кечээ Берлин шаарында ITB Berlin 2026 эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын туроператорлору үчүн расмий кабыл алуу уюштурду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Deutscher Reiseverband (DRV)

"Кепилдик фонд" айымдарга 12 млрд сом насыя алууга көмөктөшкөн

"Кепилдик фонд" айымдарга 12 млрд сом насыя алууга көмөктөшкөн

"Кепилдик фонду" ААК түзүлгөндөн бери ишкер айымдарга жалпы суммасы 12 млрд сомдон ашкан насыя алууга көмөктөшкөнүн фонддун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Рейна Курманкожоева билдирди. Маалыматка ылайык, фонд тарабынан берилген жалпы кепилдиктердин 38%ы (4 885) аялдардын бизнесине багытталган. "Ишкер айымдар алган насыялардын жалпы суммасы 12 млрд сомду