Кыргызстан жакынкы 5 жылда 10 заманбап учак сатып алат
Жакынкы беш жыл ичинде Asman Airlines авиакомпаниясынын учак паркы 10 заманбап Airbus A321 учагы менен толукталат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самадинов билдирди.
Анын айтымында, бүгүн Asman Airlines компаниясы өзүнүн өнүгүүсүндө дагы бир маанилүү кадам жасап, европалык Airbus корпорациясынан 2 даана Airbus A321 учагын сатып алуу боюнча келишимге кол койду.
Бул стратегиялык чечим авиакомпаниянын каттамдар тармагын кеңейтүүгө жана Кыргызстандын эл аралык авиация рыногундагы позициясын бекемдөөгө багытталган.
Пландын алкагында КМШ өлкөлөрүнө, Жакынкы Чыгышка жана Европага жаңы каттамдарды ачуукаралууда.