Кыргызстанда Интерпол издеп жаткан 3 жаран кармалды
Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Интерпол линиясы аркылуу эл аралык издөөгө жарыяланган үч чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1971-жылы туулган Л.С.В. аттуу чет өлкөлүк жаран кармалган. Ал Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан уюшкан кылмыштуу топ түзүү, алдамчылык жана өзгөчө ири өлчөмдө мүлк уурдоо фактылары боюнча издөөгө алынган. Келтирилген зыяндын суммасы 183,6 млн казак теңгени түзгөн.
Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 1980-жылы туулган К.Д.М. кармалган. Ал өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип издөөгө алынган. Текшерүү учурунда анын Кыргызстандын жаранынын башка ысымдагы паспортун колдонгону аныкталган. Келтирилген материалдык зыян 8 млн 346 миң россиялык рублди түзгөн.
Мындан тышкары, Бишкек шаарында 1986-жылы туулган О.Ч. аттуу жаран кармалды. Ал Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан алдамчылык, курал колдонуу менен коркутуу жана ден соолукка зыян келтирүү фактылары боюнча эл аралык издөөгө жарыяланган.
ИИМден билдиришкендей, кармоо иштери чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлгөн.