А.Касымалиев Бишкек жана Чүйдөгү медициналык мекемелердин абалы менен таанышты

А.Касымалиев Бишкек жана Чүйдөгү медициналык мекемелердин абалы менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы бир катар медициналык мекемелердин абалы менен таанышты. Сапардын максаты жаңы имараттардын курулушунун жүрүшүн көрүп чыгып, материалдык-техникалык маселелерди талкуулоо болду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Алгач МинКаб Төрагасы Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборуна барып, мекеменин жаңы имаратынын курулуш долбоору менен таанышты. Ал репродуктивдүү ден соолукту коргоо мамлекет үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, тиешелүү министрликтерге долбоордук-сметалык документтерди тез бүтүрүп, каржылоо булактарын аныктоо тапшырмасын берди.

Андан соң Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына барды. Бул жерде жаңы тез жардам имаратынын курулушу кечеңдеп жатканы сынга алынды. Адылбек Касымалиев курулушту 2026-жылдын июнь айына чейин толук бүтүрүү тапшырмасын берип, анын аткарылышын көзөмөлдөй турганын билдирди.

Ошондой эле Бишкек шаардык №2 көп тармактуу клиникалык ооруканасында медициналык жабдуулардын жетишсиздигинен айрым бөлүмдөр толук кандуу иштебей жатканы айтылды. МинКаб төрагасы Саламаттыкты сактоо жана Финансы министрликтерине апрель айына чейин оорукананы керектүү жабдуулар менен камсыздоо боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Сапардын алкагында Э. Акрамов атындагы Чүй облустук бириккен ооруканасынын иши да каралды. Бул мекемеде жыл сайын 18 миңге жакын бейтап дарыланып, 6 миңге жакын операция жана 6 миңге чейин төрөт кабыл алынат.

Жыйынтыгында Адылбек Касымалиев тиешелүү мекемелерге медициналык объекттердеги көйгөйлөрдү ыкчам чечүү жана саламаттыкты сактоо тармагын модернизациялоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары окуңуз

Экономика министрлиги ишкерлерге жасалма документтерден сак болууну эскертти

Экономика министрлиги ишкерлерге жасалма документтерден сак болууну эскертти

Экономика жана коммерция министрлиги ишкерлерди продукциянын Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына шайкештигин тастыктаган документтерди ортомчулар аркылуу тариздөөдө этият болууга чакырды. Министрликтин маалыматына ылайык, SHANXI TZCO маркасындагы чынжырлуу экскаваторго берилген шайкештик декларациясынын катталганы ырасталган эмес. Текшерүүдө документте QR-код жок экени, каттоо номери белгиленген форматка туура келбегени жана айрым маалыматтар туура эмес

Ишкер Media
Өлкөдө багуучусунан айрылган 18,5 миң адам үчүн жөлөкпул алуу жеңилдетилди

Өлкөдө багуучусунан айрылган 18,5 миң адам үчүн жөлөкпул алуу жеңилдетилди

Кыргызстанда багуучусунан айрылган студенттердин жөлөкпулдарын узартуу процесси электрондук форматка өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда өткөн аппараттык жыйында белгилүү болду. Маалыматка ылайык, буга чейин 16 жаштан 23 жашка чейинки студенттер жыл сайын окуу жайынан кагаз түрүндө маалымкат алып, аны тиешелүү мамлекеттик мекемелерге тапшырууга милдеттүү болушкан. 100

Ишкер Media
Бажы кызматынын кинологдору ведомстволор аралык мелдеште жеңишке жетишти

Бажы кызматынын кинологдору ведомстволор аралык мелдеште жеңишке жетишти

КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын командасы кызматтык иттерди үйрөтүү боюнча биринчи ведомстволор аралык мелдеште командалык эсепте биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жеке эсепте да бажынын кинологдору мыкты жыйынтык көрсөтүшкөн. Алексей Тарасенко Энцо аттуу кызматтык ити менен биринчи орунду, Наталья Гладкова Фрея аттуу ити менен экинчи

Ишкер Media
Кыргызстан Түрк инвестициялык фондунун жыйынына катышты

Кыргызстан Түрк инвестициялык фондунун жыйынына катышты

Өзбекстандын Ташкент шаарында Түрк инвестициялык фондунун Башкаруучулар кеңешинин үчүнчү жыйыны өттү. Бул тууралуу бүгүн Экономика жана коммерция министрлигинен маалымдады. Анда Фонддун ишмердигинин негизги багыттары, стратегиялык артыкчылыктары жана андан аркы институционалдык өнүгүүсү талкууланды. Кыргыз Республикасынын атынан жыйынга экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Фонддун Башкаруучулар кеңешиндеги башкаруучу катары катышты. Жыйында Фонддун

Ишкер Media