Кыргызстан менен “Airbus Europe” авиация тармагында кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан менен “Airbus Europe” авиация тармагында кызматташууну кеңейтет

Президент Садыр Жапаров 5-мартта “Airbus Europe” компаниясынын президенти Йохан Пелиссье жана “BBAM Leasing” компаниясынын улук вице-президенти Морис Прендергаст менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстандын жарандык авиация тармагын өнүктүрүү, жаңы учактардын эсебинен авиациялык паркты кеңейтүү жана тармактагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы “Airbus Europe” менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү Кыргызстан үчүн маанилүү экенин белгилеп, бүгүн кол коюлган келишим өлкөнүн авиациясын өнүктүрүүгө чоң салым кошорун айтты.

Президенттин айтымында, акыркы жылдары өлкөдө авиация тармагы активдүү өнүгүп жатат. Аэропорттордун инфраструктурасы жаңыланып, аймактык каттамдар кеңейүүдө. Буга чейин толук кандуу 4 аэропорт иштесе, учурда 11 аэропорт иштеп жатат, ал эми Жалал-Абад эл аралык аэропортунун курулушу уланууда.

Мындан тышкары, Кыргызстан Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча “кара тизмесинен” чыгуу процессинин акыркы баскычында турат. Акыркы аудит ушул айга пландалган.

“Airbus Europe” компаниясынын президенти Йохан Пелиссье Кыргызстандагы авиация тармагындагы оң өзгөрүүлөргө жогору баа берип, компания авиацияны модернизациялоо жана коопсуздукту жогорулатуу багытында кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдирди. Ал ошондой эле транспорт жана логистика тармагында да узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдар экенин айтты.

Ал эми “BBAM Leasing” компаниясынын улук вице-президенти Морис Прендергаст Кыргызстан сатып алып жаткан учактар эл аралык стандарттарга толук жооп берерин белгилеп, жаңы учактарды иштетүү боюнча адистер өлкөгө келип колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан ары да өз ара пайдалуу жана натыйжалуу кызматташтыкты улантууга даяр экендиктерин белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен