Кыргызстанда үрөн чарбалары менен көчөткана ээлерине 3% жеңилдетилген насыя берилди
Кыргызстанда айыл чарба тармагын өнүктүрүү максатында үрөн чарбалары жана күнөсканалар жеңилдетилген 3%дык насыя менен колдоого алынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы үрөн жана көчөт даярдоо багытында бир катар көрсөткүчтөргө жетишилди. Учурда өлкө боюнча 86 үрөн чарбасы иш алып барууда. Дотация программасынын алкагында жазгы-күзгү айдоо үчүн 4 миң 485,1 тонна үрөн 2 миң 794 субъектке таратылган. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 29,6%га көбөйгөн.
Ошондой эле өлкөдө 24 көчөткана иштеп жатат. 2025-жылы алар тарабынан 15 миллион 37 миң көчөт даярдалган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 23%га көп.
Министрликтин маалыматына караганда, жеңилдетилген насыялар жана дотациялар фермерлерди сапаттуу үрөн жана көчөт менен камсыздоого, айыл чарба продукциясынын көлөмүн жана сапатын жогорулатууга багытталган. Бул чаралар айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө, жергиликтүү өндүрүштү күчөтүүгө жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, министрлик келечекте үрөн чарбаларын жана күнөсканаларды колдоо программаларын кеңейтүүнү, жаңы дотациялык механизмдерди жана жеңилдетилген насыяларды ишке киргизүүнү пландап жатканын билдирди.