Ошто узундугу 12,5 метр, туурасы 21,5 метр болгон жаңы көпүрө салынууда

Ошто узундугу 12,5 метр, туурасы 21,5 метр болгон жаңы көпүрө салынууда

Ош шаарында көчөлөрдү кеңейтүү иштеринин алкагында Сүйүнбаев жана Атабаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрө кайрадан курулуп жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Учурда көпүрөнү бузуп, жаңысын куруу иштерине керектүү техникалар тартылып, курулуш адистердин көзөмөлүндө жүрүүдө. Курулуш иштери 12-февралда башталган.

Долбоорго ылайык, жаңы көпүрөнүн узундугу 12,5 метр, ал эми кенендиги 21,5 метр болот. Адистер курулуш иштерин мүмкүн болушунча ыкчам жана сапаттуу бүткөрүүгө аракет кылып жатышат.

Белгилей кетсек, Сүйүнбаев жана Атабаев көчөлөрү быйыл толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заман талабына жооп берген төрт тилкелүү жолго айландырылат. Ушуга байланыштуу аталган аймактагы башка көпүрөлөрдү да кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкектеги бир катар үйлөрдө жылуулук жана ысык суу өчүрүлдү

Өлкөдө асыл тукум статусуна ээ болгон чарбаларга мониторинг жүргүзүлөт

2027-жылы республикалык бюджеттин көлөмү 1 трлн сомдон ашат

Аңчылыктын аякташына 1 айга жетпеген убакыт калды

Депутаттар Кочкордогу чокуга Ормон хандын ысымын ыйгарууну жактырышты