Манас районунда электр тармактарын жаңылоо иштери башталды

Манас районунда электр тармактарын жаңылоо иштери башталды

Энергетика министрлигинин реформасынын алкагында Манас районунда аба чубалгыларында 574,726 км техникалык тейлөө иштери башталды. Аталган иш-аракеттер Талас электр тармактар ишканасы тарабынан 2026-жылдын ноябрь айына чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Атап айтканда 10 кВ аба чубалгыларында 272,980 км, 0,4 кВ аба чубалгыларында 301,746 км техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүүдө.Ошондой эле, 41,405 км 10 кВ аба чубалгыларында капиталдык оңдоо иштери пландалууда.

Муну менен катар Манас районунда эскирген 243 даана жаңы мамычалар жаңы темир-бетон мамычаларга алмаштырылат.

Мындан тышкары, СИП-2 зымы — 13,3 км жаңыланса, СИП-3 зымы — жалпы 3,2 км тартылат,анын ичинен 1200 метр эски зымдар жаңыланса, 2 км 10 кВ жаңы зымдар тартылат.

Трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатуу жана кошумча трансформатор орнотуу максатында аткарылган иштердин алкагында Манас районунда:
Кошумча трансформатор орнотуу — 5 даана;
Трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатуу — 4 даана;
Капиталдык ремонттон өткөрүү — 25 даана трансформатор;
Техникалык тейлөө — 138 даана;

Бул иштер электр тармактарынын туруктуу иштешин камсыз кылууга, авариялык өчүүлөрдүн санын азайтууга жана керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары - "Улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы электр энерегиясын эсептөөчү приборлорду пландуу түрдө алмаштырып жатат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, эсептегичтерди алмаштыруу жана маалыматты жаңылоо учурунда айрым учурда көрсөткүчтөр менен эсептөөдө айырмачылыктар болушу мүмкүн. Эгер сиз эсептегичтин көрсөткүчү менен квитанциядагы эсептөө дал келбесе, тейлөө боюнча

Ишкер Media
Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Алжирдин Мамлекеттик министри, ТИМ башчысы Ахмед Аттаф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жолугушууда эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланып, саясий диалогду тереңдетүү жана кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарлык билдирилди. Ошондой эле БУУ жана башка

Ишкер Media
Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media