Манас шаарындагы "Достук" паркына 11,6 млн сомго монумент курулат

Манас шаарындагы "Достук" паркына 11,6 млн сомго монумент курулат

Манас шаарынын муниципалитети "Достук" паркындагы "Даңк" аллеясын куруу жана реконструкциялоо боюнча тендер жарыялады. Маалымат мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланган.

Буйрутмачы болуп шаар мэриясынын алдындагы коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти чыгууда. Долбоордун жалпы пландалган суммасы 11 млн 618 миң 800 сомду түзөт.

Лоттун алкагында скульптураны жасоо жана тарыхый эстеликтер менен мемориалдарды куруу категориясына кирген объектти куруу иштерин жүргүзүү каралган.

Сөз "Даңк" аллеясынын курамындагы монументти тургузуу жана анын айланасын кошумча көрктөндүрүү тууралуу болуп жатат. Иштер келишим түзүлгөндөн кийин 45 күндүн ичинде аткарылышы керек.

Келишим боюнча аванс каралган эмес. Төлөмдүн 100%ы объект кабыл алынгандан кийин, болжол менен 2026-жылдын 30-августуна чейин жүргүзүлөт. Ишти белгиленген мөөнөттө бүтүрбөгөн учурда айып пул санкциялары каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Пакистан сооданы 200 млн долларга чейин көбөйтүүнү пландоодо

Кыргызстан менен Пакистан сооданы 200 млн долларга чейин көбөйтүүнү пландоодо

Кыргызстан менен Пакистан ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 200 млн долларга чейин жеткирүүпландалууда. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, палатанын вице-президенти Авазбек Керимбаев Пакистандын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Жолугушууда тараптар кыргыз-пакистан кызматташтыгында пайдаланылбай жаткан чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилешти.

Баткенде цитрус, Нарында жаңы буудай сорттору сыноодон өтүүдө

Баткенде цитрус, Нарында жаңы буудай сорттору сыноодон өтүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, соңку мезгилде айыл чарба тармагында илимий изилдөөлөр жана жаңы сортторду сыноо боюнча бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Министрликтин билдиришинче, цитрус өсүмдүктөрүнүн көчөттөрү Түркиядан алынып келип, учурда Баткен облусунда сыноодон өткөрүлүүдө. Бул долбоор келечекте

Салык кызматы: Кайрылууларды мыйзам талаптарына ылайык жөнөтүңүздөр

Салык кызматы: Кайрылууларды мыйзам талаптарына ылайык жөнөтүңүздөр

Жарандардын арыз жана кайрылуулары расмий кароого алынышы үчүн аларды мыйзам талаптарына ылайык жөнөтүү зарыл. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандар өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн мамлекеттик органдарга кайрылууга укуктуу. Кайрылуулар төмөнкү тартипте берилиши мүмкүн: жазуу жүзүндө (арыз, даттануу, кайрылуу); электрондук түрдө

Ошто 135 км СИП чубалгылары жаңыланып тартылат

Ошто 135 км СИП чубалгылары жаңыланып тартылат

Энергетика министрлигинин тармакты өнүктүрүүгө багытталган реформаларынын алкагында 2026-жылы Ош облусунда масштабдуу курулуш жана реконструкция иштери жүргүзүлөт. Анын негизинде жалпысынан 134,64 чакырым СИП аба чубалгысы жаңыдан курулуп жана эскилиги жеткен өткөргүчтөр жаңыланат. Бул тууралуу Ош электр тармактар ишканасынан билдиришти. Бул иштер заманбап өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган өткөргүчтөрдү (СИП) колдонуу менен ишке