Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгинде 10 гектар жерге сейил бак курулат
Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгинде 10 гектардан ашуун аймакка жаңы сейил бак куруу пландалууда. Бул тууралуу Ош шаардык муниципалитети билдирди.
Маалыматка ылайык, жакында шаар мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Ак-Буура дарыясынын жээгине рейд жүргүзүп, аймактын абалы жана аны өнүктүрүү боюнча иштер менен жеринде таанышты.
Рейддин жүрүшүндө калаа башчысы дарыянын эки жээгин комплекстүү өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берип, аймакты шаар тургундары үчүн ыңгайлуу эс алуу жайына айландыруу зарылдыгын белгиледи.
Долбоордун алкагында дарыянын жээги менен 7 чакырым аралыкка веложол жана жөө адамдар үчүн тротуар куруу пландалууда. Мындан тышкары, 10 гектардан ашуун аймак көрктөндүрүлүп, жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.
Ошондой эле аймакта заманбап парк жана скверлер курулуп, шаар тургундары үчүн эс алуу жана спорт менен машыгууга ылайыктуу шарттар түзүлөт.


