Оштогу суу коргоо зонасындагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы тарабынан Ноокат районунун Кулатов айыл аймагындагы Абыш-Сай тилкесинде жайгашкан курулуш объектилерине текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Текшерүүнүн жүрүшүндө К.А.К. аттуу жаранга тиешелүү 78 гектар жер аянтында курулган кичи жана капиталдык объектилер Абшыр-Сай дарыясынын суу коргоо зонасына мыйзамсыз жайгаштырылганы аныкталды.
Белгилей кетсек, суунун жээги табигый экосистеманын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Ушуга байланыштуу мындай аймактарда курулуш иштерине мыйзам чегинде катуу чектөөлөр каралган.
Аталган мыйзам бузууларга байланыштуу учурда демонтаждоо иштери башталып, ал этап-этабы менен жүргүзүлүүдө. Процесс Ош региондук башкармалыгынын көзөмөлү алдында тиешелүү ченемдик-укуктук талаптарга ылайык аткарылып жатат.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги суу коргоо зоналарын сактоо экологиялык коопсуздукту камсыздоонун жана коомдук кызыкчылыктарды коргоонун маанилүү багыты экенин белгилейт. Бул багыттагы иштер мындан ары да жергиликтүү мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташтыкта системалуу түрдө улантылмакчы.


