Өзбекстандан келген 80 миңден ашык көчөт чек арадан өткөрүлгөн жок
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен облусундагы башкармалыгы 80 520 даана көчөттү өлкөгө киргизүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 3-мартында "Кызыл-Кыя автожолу" фитосанитардык текшерүү постунда Өзбекстан Республикасынан импорттолуп келген көчөттөр фитосанитардык көзөмөл учурунда текшерилген.
Текшерүүнүн жыйынтыгында жүк 2026-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирген “Кыргыз Республикасынын аймагына мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторунун көчөттөрүн ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө” №103 токтомуна туура келбегени аныкталган.
Ага ылайык, токтомдо көрсөтүлгөн түрлөрдөн башка мөмө-жемиш көчөттөрүн өлкөгө алып кирүүгө убактылуу тыюу салынган. Ушундан улам аталган 80 520 даана көчөт импортер өлкөгө кайра кайтарылган.