Баткенде деградацияга учураган 8 гектар жерге бадам эгилүүдө

Баткенде деградацияга учураган 8 гектар жерге бадам эгилүүдө

Баткен облусунда деградацияга учурап жаткан жерлерди калыбына келтирүү максатында дүйнөлүк тажрыйбада колдонулган seed balls ыкмасы ишке ашырыла баштады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бул ыкмада бадамдын үрөнү топурак жана биогумус менен аралаштырылып, кичинекей тоголоктор жасалат. Алар үрөндү күндөн жана канаттуулардан коргоп, жамгыр жааганда керектүү нымдуулукту сактоого жардам берет. Мындай ыкма техника жетпеген тоолуу аймактарда үрөндүн жакшы өнүп чыгышына шарт түзөт.

Учурда иштер Баткен районунун Сортташ тилкесинде жана Кадамжай районунун Үч-Коргон токой чарбасында жүргүзүлүүдө. Жалпысынан 8 гектар жерге бадамдын үрөндөрү себилүүдө.

Бул демилге президент Садыр Жапаровдун тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык программасынын алкагында ишке ашырылып, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (FAO) тарабынан колдоого алынууда.

Долбоордун негизги максаты — Баткендеги деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирип, келечекте бадам токойлорун түзүү болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен