Сафлор майын өндүргөн "Шабане" чарбасын колдоо маселеси талкууланды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин "30+20+10" долбоорунуналкагында Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаментинин өкүлдөрү "Шабане" дыйкан чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, чарба 1995-жылдан бери сафлор өстүрүп, андан май өндүрүү менен алектенет. Өндүрүш процесси толук циклде жүргүзүлүп, жер иштетүүдөн тартып кайра иштетүүгө чейин камтыйт. Ошондой эле чарба жергиликтүү тургундарга муздак ыкма менен май сыгуу кызматын да көрсөтөт.
Жолугушуунун жүрүшүндө негизги көйгөй катары чийки заттын жетишсиздиги белгиленди. Мындан тышкары, чарбанын ишин кеңейтүү максатында тамчылатып сугаруу технологиясын киргизүү жана электр энергиясын жеткирүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле өндүрүштү диверсификациялоо үчүн кошумча жер тилкелерин жеңилдетилген шартта берүүтууралуу сунуш айтылды.
Министрликтен билдиришкендей, "30+20+10" долбоору кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө жана ресурс үнөмдөөчү чарбаларды колдоого багытталган.

