Базар-Коргондо 853 млн сомдук ирригациялык долбоор башталды
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Кара-Үңкүр-Сай ирригациялык системасын модернизациялоо долбоорунун алкагында Жаңы-Жогорку-Акман жана Левая-Ветка сугат каналдарынын курулушу башталып, “мезгил кутучасы” салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков катышты.
Долбоор Президенттин тапшырмасы менен сугат тармагын өнүктүрүү мамлекеттик программасынын алкагында ишке ашырылууда. Анын негизги максаты – аймактардагы эскирген ирригациялык инфратүзүмдү жаңылап, суу өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана суу коромжусун азайтуу.
Кара-Үңкүр-Сай ирригациялык системасынын жалпы узундугу 39,01 чакырымды түзөт. Анын ичинде Левая-Ветка каналы – 15,78 чакырым, ал эми Жаңы-Жогорку-Акман каналы – 23,23 чакырым. Долбоордун жалпы сметалык баасы 853,4 млн сомду түзүп, Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын "Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарбасын жакшыртуу" программасынын алкагында каржыланууда.
Долбоор аяктагандан кийин Базар-Коргон шаары, Сайдыкум жана Акман айыл аймактарындагы 8225 гектар сугат жер суу менен камсыздалып, 114 миңден ашуун тургун анын пайдасын көрөт. Жаңы сугат тутумун ишке берүү 2028-жылдын декабрь айына пландалууда.


