Бишкекте 10-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
10-мартта Бишкектин айрым аймактарында реконструкция иштерине байланыштуу ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
2026-жылдын 10-мартында саат 10:00дөн 22:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүш объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Суу төмөнкү аймакта өчүрүлөт:
Октябрь көчөсү – Чыгыш ЧЧК – Аламүдүн суусу – Путепроводная көчөсү. Өчүрүү "ХБО" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында реконструкция иштерин жүргүзүүгө байланыштуу жүргүзүлөт.
"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, тургундарды жана мекемелерди ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.