Бишкекте жаратылыш ресурстары тармагына жаңы административдик хаб курулууда
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Чүй облусу жана Бишкек шаары үчүн бирдиктүү административдик мейкиндик түзүү долбоорун ишке ашырууда. Анын алкагында үч кабаттуу жаңы имараттын курулушу белгиленген графикке ылайык жана заманбап экологиялык стандарттарды сактоо менен жүрүүдө.
Жаңы имаратка Чүй регионалдык башкармалыгы, Бишкек–Аламүдүн башкармалыгы жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык бөлүмдөрү жайгаштырылат. Бул мекемелердин бир жерде иштеши өз ара аракеттенүүнү жакшыртып, жарандардын кайрылууларын кароо мөөнөтүн кыскартууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле кызматкерлер үчүн заманбап эмгек шарттары түзүлүп, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жогорулайт.
Объектке болгон иш сапарынын жүрүшүндө министр Акыл Токтобаев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, курулуш технологияларын жана коопсуздук талаптарын так сактоону тапшырды.
Белгилей кетсек, долбоор 2025-жылдын октябрь айында башталган. Ал министрликтин ишин санариптештирүү жана оптималдаштыруу багытындагы маанилүү кадамдардын бири болуп эсептелет жана аймак тургундары үчүн мамлекеттик кызматтарды жеткиликтүү кылууга багытталган.


