Караколдун туризм тармагына эл аралык сертификат ыйгарылды
"Дестинация Каракол" коомдук бирикмеси туруктуу туризм боюнча Travelife Certified эл аралык сертификатына ээ болду. Сыйлык 2026-жылдын 4-мартында Германиянын Берлин шаарында өткөн ITB Berlin эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн алкагында тапшырылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Travelife Certified сертификаты уюмдун ишмердүүлүгү туруктуу жана жоопкерчиликтүү туризмдин эл аралык стандарттарына жооп берерин тастыктайт. Бул макамды алуу үчүн экологиялык жоопкерчилик, жергиликтүү жамааттарды колдоо жана маданий мурастарды сактоо сыяктуу 200дөн ашуун критерий аткарылышы талап кылынат.
Бул жетишкендик Каракол шаарында жана Ысык-Көл аймагында туруктуу туризмди өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.
Сертификатка жетишүү мамлекеттик, муниципалдык жана эл аралык уюмдардын биргелешкен ишинин натыйжасы болду. Демилгени ишке ашырууга Helvetas, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти жана Каракол шаарынын мэриясы колдоо көрсөттү.
Travelife Certified сертификаты Кыргызстанда туруктуу туризмди өнүктүрүүгө жана өлкөнү экологиялык жоопкерчиликтүү туристтик багыт катары эл аралык деңгээлде таанытууга өбөлгө түзөт.


