Кыргызстан эл аралык издөөдө жүргөн эки адамды Польшага өткөрүп берди
Кыргызстан эл аралык издөөдө жүргөн эки жаранды Польша Республикасына экстрадициялады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура Интерполдун Кыргыз Республикасындагы Улуттук борбордук бюросу жана Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы менен биргеликте эл аралык издөөдө жүргөн эки адамды Польша Республикасына экстрадициялоону камсыз кылды.
Аталган адамдар Польшанын соту тарабынан адам өлтүрүүгө аракет кылуу, каракчылык, опузалап талап кылуу, сойкулукту уюштуруу жана ири көлөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү сыяктуу оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган. Алар куралдуу уюшкан кылмыштуу топтун ишмердигине байланыштуу издөөдө жүргөн.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Кыргызстан трансчегаралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча эл аралык кызматташууну мындан ары да улантат.