Кыргызстанда 90 студентке Президенттик стипендия берилди
Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттерине ар кандай мүмкүнчүлүктөр жана колдоо чаралары каралганын "Биринчи радио" эфиринде Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин(ИЖБИМ) башкы адиси Айзат Маматкеримова билдирди.
Анын айтымында, республикада жалпысынан 85тен ашык жогорку окуу жайы иштейт, анын ичинде 30 мамлекеттик мекеме бар.
Мурда мамлекет 6 миң гранттык орун бөлсө, бүгүнкү күндө 10 миңге чейин бөлүнүп жатат. Бюджеттик орундар чынында мамлекеттик окуу жайларга гана тийиштүү.
Айзат Мааткеримованын айтымында, жыл сайын мыкты студенттерге 60 миң сомдон Президенттик стипендия берилет. 2025-жылы 90 студент ушул стипендиянын ээси болгон.
Ал ошондой эле белгилегендей, магистранттар жана PhD докторлоруна "Эл үмүтү" стипендиялык программасы каралган. Соңку үч жылда бул программа менен 40ка жакын адам камсыздалган.
Мындан тышкары, ар кандай өлкөлөр менен түзүлгөн келишимдер боюнча эл аралык стипендиялык программалар да каралган.
Ал ошондой эле ИЖБИМдин мектеп окуучуларын колдоо максатында облустук олимпиада жеңүүчүлөрүнө карата өкмөттүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизилип жатканын эскертти.
Кабинет министринин долбоорунун жобосуна ылайык:
- Быйыл облустук олимпиадаларда 1-3 орун алган окуучулар олимпиаданын предмети менен тийиштүү адистик жана багыт боюнча өзгөчө конкурссуз гранттык орундарга кабыл алынат. Бирок бул үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө катышып, жетиштүү балл алуу шарт.
- Эгер абитуриенттердин баллы бирдей болсо, артыкчылык облустук олимпиадаларда 1-3 орун алган окуучуларга берилет. Облустук олимпиадалардын тизмесин Билим берүү министрлиги аныктайт.