Талас облусундагы социалдык мекемелердин шарттары текшерилди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин тапшырмасы менен министрдин биринчи орун басары К.С. Досматов Талас облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Иш сапардын алкагында ал Бакай-Ата жана Покровка айылдарында жайгашкан майыптыгы бар адамдар жана улгайган жарандар үчүн ыңгайлашкан социалдык стационардык мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Учурда аталган социалдык стационардык мекемелерде жалпысынан 178 кызмат алуучу жашайт. Алардын ичинен 164ү майыптыгы бар жарандар болуп саналат.
Сапардын жүрүшүндө министрдин биринчи орун басары мекемелердеги кызмат алуучулардын жашоо шарттары, ошондой эле көрсөтүлүп жаткан социалдык кызматтардын сапаты менен жеринде таанышып чыкты.


