УКМК Ошто курал-жарактын жашыруун кампасын аныктады
Ош облусунун аймагында курал-жарак жана ок-дарылардын ири көлөмдөгү жашыруун жайы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, табылган курал-жарактар "Женго" каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык болгон.
Текшерүү учурунда төмөнкүдөй курал-жарактар жана ок-дарылар алынган:
- 12 даана Калашников автоматы (АК);
- 2 даана согуштук тапанча ("Беретта" жана "Макаров");
- 2 даана мылтык;
- 11 даана автоматтын магазини;
- 700 даана 7,62 мм калибрдеги ок-дарылар жана башка аскердик жабдыктар.
Ыкчам маалыматтар боюнча, бул куралдар өзгөчө оор кылмыштарды жасоо, өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу жана учурдагы бийликти антиконституциялык жол менен алмаштыруу максатында топтолгон. Мындан тышкары, трансулуттук кылмыштуу топтор тарабынан сырттан колдоо көрсөтүү пландары болгону белгиленди.
Учурда алынган бардык курал-жарак жана ок-дарылар баллистикалык жана криминалистикалык экспертизага жөнөтүлдү. УКМК тарабынан тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.


