Аламүдүндө баасы 9 млрд 161 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Аламүдүндө баасы 9 млрд 161 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз сатылган жер тилкеси аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Аныкталгандай, 2006-жылы Таш-Дөбө айыл аймагында жайгашкан 10,72 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке жактарга сатылып кеткен.

Текшерүүнүн жыйынтыгында прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, баасы 9 млрд 161 млн 526 миң 400 сомду түзгөн 10,72 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөрүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын фермерлери! Ким мыкты экенин далилдөөгө даярсыздарбы?

Кыргызстандын фермерлери! Ким мыкты экенин далилдөөгө даярсыздарбы?

"Айыл Банк" 2026-жылдын 18–19-апрелинде өтө турчу "Айдоо Фест – 2026" фестивалынын алкагында республика боюнча жер айдоо ачык чемпионат жарыялайт. Фестивалдын алдында өлкөнүн аймактарында чемпионаттын регионалдык тандоо турлары өткөрүлөт. Анда мыкты механизаторлор айыл чарба техникасын башкаруудагы чеберчилигин жана жерди так айдоо жөндөмүн көрсөтө алышат. Регионалдык этаптардын жеңүүчүлөрү

БШКнын комиссия курамы кыскартылса 2 млн сом үнөмдөлөт

БШКнын комиссия курамы кыскартылса 2 млн сом үнөмдөлөт

Тынчтык Шайназаров  Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы — 10-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө кеткен чыгымдар тууралуу айтып берди. Комитет Боршайкомдун курамын 12 мүчөдөн 7 же 8 мүчөгө чейин кыскартууну караган мыйзам долбоорун талкуулады. Анын айтымында, учурда комиссия 12 мүчөдөн турат. Төрага жана анын эки орун

"Чоң жетилик" мунай корлорунун бир бөлүгүн бошотууга даяр экенин билдиришти

"Чоң жетилик" мунай корлорунун бир бөлүгүн бошотууга даяр экенин билдиришти

АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушунан улам пайда болгон энергетикалык кризиске байланыштуу "чоң жетиликтин" (G7 – Англия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция жана Японии) каржы министрлери мунай корлорунун (запастары) бир бөлүгүн бошотууга даяр экенин билдиришти. Бирок бул боюнча акыркы чечим али кабыл алына элек. "Биз керектүү чараларды көрүүгө

Тоо-кен тармагынан 5 жылда бюджетке 217,9 млрд сом түшкөн

Тоо-кен тармагынан 5 жылда бюджетке 217,9 млрд сом түшкөн

2021-2025-жылдар аралыгында тоо-кен тармагынан бюджетке 217,9 миллиард сомдон ашык салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр түшкөн. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тоо-кен тармагы өлкө экономикасында системаны түзүүчү негизги тармактардын бири бойдон калууда. 2025-жылдын 12 айында гана бул тармактан түшкөн каражат 65 миллиард сомго