Бишкекте көрктөндүрүү жана тазалоо боюнча эки айлык ишембилик жарыяланды

Бишкекте көрктөндүрүү жана тазалоо боюнча эки айлык ишембилик жарыяланды

Бишкек шаарынын мэриясынын буйругу менен шаар аймагында көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык ишембилик жарыяланды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Иш-чара шаар инфраструктурасын жакшыртуу, санитардык абалды чыңдоо жана борбор калаанын аймагын көрктөндүрүү максатында өткөрүлөт.

Ага ылайык, 14-марттан 16-майга чейин борбор калаада аймактарды тартипке келтирүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана шаар тургундары менен коноктору үчүн ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүүгө багытталган иш-чаралар жүргүзүлөт.

Эки айлыктын алкагында көчөлөрдү, парктарды, скверлерди жана короолорду санитардык тазалоо, бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу, коомдук жайларды көрктөндүрүү, ошондой эле ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин айланасындагы аймактарды тартипке келтирүү иштери жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, ишембиликке менчиктин бардык түрүндөгү ишканалар, уюмдар жана мекемелер тартылат. Административдик райондордун башчыларына муниципалдык аймактык башкармалыктар менен биргеликте тазалоо жана жашылдандыруу иштерин уюштуруу жана координациялоо тапшырмасы берилди.

Ошондой эле объект ээлери, турак жай менчик ээлеринин шериктештиктери жана шаар тургундары өздөрүнө бекитилген жана чектеш аймактарды тазалоо иштерине активдүү катышууга тийиш.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын борбор калааны көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча эки айлык ишембиликке активдүү катышууга чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

"Бала ырысы" жөлөк пулун берүү процесси автоматташтырылат

"Бала ырысы" жөлөк пулун берүү процесси автоматташтырылат

"Бала ырысы" мамлекеттик жөлөк пулун берүү процесси автоматташтырылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, жөлөк пулду алуу тартибин мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүү, жарандардын убаракерчилигин азайтуу жана бюрократиялык тоскоолдуктарды кыскартуу боюнча иштер жүргүзүлөт. Президенттин

Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы дем алышта ачылат

Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы дем алышта ачылат

Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу, Бишкектеги Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы ушул дем алыш күндөрү ачылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн туурасы 9 метр болчу. Оңдоо иштеринен кийин көпүрө кеңейтилип, азыр 13 метрге жетти. Көпүрөнүн жалпы туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу 25 метрди түзөт. Белгилей кетсек, транспорт

Мамлекетке салык төлөбөй турак жайын ижарага берип жүргөндөргө карата чара көрүлөт

Мамлекетке салык төлөбөй турак жайын ижарага берип жүргөндөргө карата чара көрүлөт

Мамлекетке салык төлөбөй, турак жайын, батирлерди ижарага берип, киреше таап жүргөндөргө карата атайын чара көрүлөт. Салык кызматынын дарегине батирин ижарага бергендерге карата нааразылыктарын билдирген кошуналар көп кайрылышат, бирок аларга чара колдонуу азырынча көйгөй жаратууда. Мындай билдирүүнү Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков бүгүн Биринчи радионун түз эфиринде билдирди. Адистин

Кыргызстан менен Кытай инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты

Кыргызстан менен Кытай инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзянпин менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тараптар