Кыргызстан менен Кытай инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты

Кыргызстан менен Кытай инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзянпин менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушууларынын, ошондой эле жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарлардын жыйынтыгында жетишилген макулдашуулардын маанисин белгилешти.

Ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек араларында жайгашкан "Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл өткөрүү бекеттери аркылуу соода жогорку деңгээлде жүрүп жатканы айтылды.

Мындан тышкары жолугушууда айыл чарба тармагында Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Кытай Өкмөтүнүн, ошондой эле эки өлкөнүн компанияларынын ортосунда буга чейин кол коюлган инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Эрлист Акунбеков коңшу эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеп, акыркы жылдары кыргыз-кытай байланыштары жигердүү өнүгүп жатканын айтты. Ал ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мындан ары да бекемделерине ишеним билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Алайда 37 млн сомго спорт комплекси курулуп жатат

Алайда 37 млн сомго спорт комплекси курулуп жатат

Алай районундагы Сопу-Коргон айылында жаңы спорт комплекси курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык казынадан каржыланып, жалпы наркы 37 миллион сомду түзөт. Жаңы спорт комплекси заманбап талаптарга жооп берип, анын ичинде волейбол жана баскетбол аянтчалары, машыгуу залы каралган. Ошондой эле

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министрин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министрин кабыл алды

22-июнда Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды. Президенттик администрациядан билдиришкендей, жолугушууда тараптар саясий жана экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулап, эки өлкөнүн ортосундагы күн тартибиндеги орчундуу багыттар боюнча кеңири пикир алышты. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын өнөктөштүгү ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, эртең

1-сентябрдан тарта чет өлкөлүк номурлуу унааларды каттоо токтотулат

1-сентябрдан тарта чет өлкөлүк номурлуу унааларды каттоо токтотулат

Президенти тарабынан 2026-жылдын 3-июнундагы “Чет өлкөлүк мамлекеттик каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштырууну аяктоо жана алардын жүгүртүлүшүн жөнгө салуу чаралары жөнүндө” Жарлыкка кол коюлган. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, Жарлыкта 2026-жылдын 1-сентябрына чейин күчүндө боло турган транспорт каражаттарын легалдаштыруунун кошумча тартиби каралган. Кыргызстандын аймагына 2024-

Курулуш тармагында иштеген чет элдиктерди каттоо көзөмөлгө алынат

Курулуш тармагында иштеген чет элдиктерди каттоо көзөмөлгө алынат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ички иштер министрлигинин жана башка укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, курулуш компанияларынын жетекчилери менен жумушчу жыйын өткөрдү. Министрликтен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө курулуш объектилеринде эмгектенип жаткан чет элдик жарандарды каттоо, алардын мыйзам талаптарын сактоосу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо маселелери каралды. Тараптар чет