Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылдын Орозо айт майрамын 20-март, жума күнүнө дал келе тургандыгын маалымдады.
Бул чечим Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-өлкөлөрүнүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңешмесинде кабыл алынган. Мындан сырткары, 2026-жылдагы Кадыр түн 16-марттан 17-мартка караган түнү белгилене тургандыгын Муфтияттан кабарлашты.
Орозо айттын урматына карата кийинки жумада кыргызстандыктар 3 күн дем алышы күтөт. Ал эми 21-март Нооруз майрамы ишемби күнгө туура келгендиктен, бул майрам кийинки иш күнүндө дем алыш менен толукталбайт.
Эске салсак, жаңы Эмгек кодексине ылайык, эгерде майрам күндөрү ишемби же жекшемби күндөрүнө туура келсе, дем алыш күндөрүн жылдыруу талабы жокко чыгат.