Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү
Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн.
Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз толугу менен өндүрүлдү.