Өлкөдө 1 250 миң гектар жерге айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү пландалууда
Быйылкы жылдын түшүмү үчүн Кыргызстан боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүнүн жалпы аянты 1 250 миң гектарды түзөрү мерчемделүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Анын ичинен 818 миң гектары сугат жерлер, ал эми 432 миң гектары кайрак жерлер болуп саналат.
Учурда жазгы талаа иштери өлкөнүн түштүк аймактарында (Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары) жана Чүй өрөөнүндө жигердүү жүрүп жатат. Ал эми Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында отчеттук мезгилге карата себүү иштери баштала элек.
Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча кылкандуу дан эгиндери 32,6 миң гектар жерге себилди. Анын ичинде буудай 11,4 миң гектарга себилип, анын ичинен Ош облусунда 5,7 миң гектар, Жалал-Абад облусунда 2,5 миң гектар, Чүй облусунда 1,7 миң гектар, Баткен облусунда 1,5 миң гектар жерди түздү.
Арпа 13,5 миң гектарга себилип, анын ичинен Чүй облусунда 6,3 миң гектар, Жалал-Абад облусунда 3,2 миң гектар, Баткен облусунда 3,1 миң гектар, Ош облусунда 0,9 миң гектар жерге айдалды.
Мындан тышкары, республика боюнча 2,4 миң гектар жерге картошка отургузулду. Анын ичинде Ош облусунда 1,7 миң гектар, Жалал-Абад облусунда 0,6 миң гектар, Баткен облусунда 0,08 миң гектар жерди түзөт. Ал эми жашылча өсүмдүктөрү Ош облусунда 5 гектар жерге себилди.