Ош-Сити IT-шаарчасынын долбоору боюнча жол картасы иштелип чыгат

Ош-Сити IT-шаарчасынын долбоору боюнча жол картасы иштелип чыгат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунда “Ош-Сити” долбоорунун алкагында курулуп жаткан объект боюнча техникалык кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Кеңешмеге институттун директору Канат Канболотов, ошондой эле “Бизнес Хаус КЖ” жана “Morphosis & Phoenix Architect” ЖЧКларынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө “Ош-Сити” долбоорунун алкагында курулуп жаткан IT-шаарчанын аймагындагы “Ош Сити” соода борборунун имаратынын пайдубалын жана каркасын долбоорлоодо арматуранын бириккен жерлеринде колдонулган жаңы технологиялык ыкмалар талкууланды. Мындан тышкары, долбоорду ишке ашыруу учурунда пайда болгон техникалык маселелерди чечүү боюнча тиешелүү сунуштар каралды.

Жыйындын жыйынтыгында институт менен компаниялар долбоорду ишке ашыруунун негизги этаптарын аныктаган атайын жол картасын иштеп чыгуу жана мындан аркы иштерди ошол документтин негизинде жүргүзүү тууралуу макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй жана Талас облустарында темир-бетон буюмдарды жасоочу цех курулат

Чүй жана Талас облустарында темир-бетон буюмдарды жасоочу цех курулат

Энергетика министрлигинин жүргүзүп жаткан реформасынын алкагында, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКы өздүк каражатынын эсебинен Талас жана Чүй облустарында темир-бетон буюмдарын жасоочу цехти ишке киргизүүнү пландаштырып жатканын ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады. Учурда темир-бетон буюмдарын жасоочу цехтин жерлери такталып, долбоору чийилип, тендер аркылуу куруучу фирма аныкталып, тиешелүү документтер даярдалып

Быйыл 1 825 адам "Социалдык келишим" программасына катышууга арыз жолдоду

Быйыл 1 825 адам "Социалдык келишим" программасына катышууга арыз жолдоду

11-мартка карата республика боюнча "Социалдык келишим" программасына катышуу үчүн 1 825 арыз келип түшкөнүн Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда 607 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлгөн, мында долбоорлордун эң көп саны айыл чарба тармагында (341 келишим) ишке ашырылууда. Министрликте белгилешкендей, 2026-жылы

Өлкөдө 1 250 миң гектар жерге айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү пландалууда

Өлкөдө 1 250 миң гектар жерге айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү пландалууда

Быйылкы жылдын түшүмү үчүн Кыргызстан боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүнүн жалпы аянты 1 250 миң гектарды түзөрү мерчемделүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Анын ичинен 818 миң гектары сугат жерлер, ал эми 432 миң гектары кайрак жерлер болуп саналат. Учурда жазгы талаа иштери өлкөнүн түштүк аймактарында (Ош, Жалал-Абад, Баткен

Кыргызстанга алып келинген унаалар 10 күндө каттоодон өтүшү керек

Кыргызстанга алып келинген унаалар 10 күндө каттоодон өтүшү керек

Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Ырысбек Атажанов Кыргызстанга алып келинип, бажыдан өткөрүлгөн унаалар кайсы мөөнөттө каттоодон өтүшү керек экенине кызыкты. Ал  жарандар милиция кызматкерлери мамлекеттик номерлери жок айдап жүргөн унааларын айып короого коюп жатканы боюнча даттанып жатканын белгиледи. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун директорунун орун басары Толубай