Адвокат 25 миң доллар алып, дагы эмнеге 7 миң доллар талап кылган?

Адвокат 25 миң доллар алып, дагы эмнеге 7 миң доллар талап кылган?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мурдагы судья кызматкери, азыр адвокат болуп иштеп жаткан адам (А.К.А.) акча талап кылуу фактысы боюнча кармалганын билдирди.

УКМК маалыматында тергөөдө шектүү кызматтык абалын жана жеке байланыштарын пайдаланып, жарандык иштер боюнча соттун оң чечимин чыгарып берүүгө көмөк көрсөтүү үчүн акча талап кылуу схемасын уюштурганы аныкталган.

Адвокат башта жабырлануучудан 25 миң доллар алганы такталганын билдирди. Кийин дагы 7 миң доллар талап кылып, жабырлануучу андан баш тартканда соттун чечимин каршылаш тараптын пайдасына чыгартып коюу менен коркуткан.

Ыкчам-издөө иш-чараларында жактоочу талап кылынган сумманын бир бөлүгүн - 437 миң 500 сомду алып жатканда кармалып, соттун чечими менен эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.

Шектүүнүн адвокаты менен жакындары комментарий бере элек.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө аймагында автожолдорду тазалоо жана оңдоо иштери жүрүүдө

Өлкө аймагында автожолдорду тазалоо жана оңдоо иштери жүрүүдө

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканалары тарабынан жергиликтүү жана эл аралык маанидеги автожолдорду ирээтке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтен билдиришкендей, кышкы тейлөөнүн жыйынтыгынан кийин жол жээктерин тазалоо иштери жүргүзүлүп, атайын техниканын жана кол күчүнүн жардамы менен жол бетиндеги чаң-топурактар тазаланып, парапеттер менен бордюрлардын негиздери жууп-тазаланды.

Айыл чарбасын өнүктүрүүгө 2 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Айыл чарбасын өнүктүрүүгө 2 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Айыл чарба тармагын өнүктүрүү жана фермерлерди колдоо максатында бир катар мамлекеттик долбоорлор ишке ашырылууда. Бул программалар айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө жана мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Долбоорлорду ишке ашырууда фермерлерге жеңилдетилген каржылык колдоо көрсөтүүдө "Айыл Банк" ААКнегизги өнөктөштөрдүн бири болуп

Салык кызматы 31 млн сомдук БАДдарды мыйзамсыз алып кирүүнү токтотту

Салык кызматы 31 млн сомдук БАДдарды мыйзамсыз алып кирүүнү токтотту

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери биологиялык активдүү кошумчаларды (БАД) мыйзамсыз алып келүү аракетин токтотушту. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мекемеден билдиришкендей, кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек – автожол" товарларды көзөмөлдөө пунктунда жүк ташуучу унаа текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө унаадан коштомо документтери жок биологиялык активдүү кошумчалар табылган. Алдын ала маалымат боюнча, аныкталган

Кыргызстан менен Корея экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүнү көздөйт

Кыргызстан менен Корея экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүнү көздөйт

Кечээ экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ким Квангджэ менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Бакыт Сыдыков Корея Республикасы Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосунда ар тараптуу багыттар боюнча тыгыз кызматташтык түзүлгөнүн айтты. Министр ошондой эле Корея Республикасынын