Бишкекте 90 миң долларды алдап алууга шектелген адвокат кармалды
Ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча адвокат кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга К.Э. аттуу жаран кайрылып, чала тааныш аялдар анын ишенимине кирип, ири суммадагы акчасын алдап алышканын билдирген.
Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, өздөрүн Р.А. жана К. деп тааныштырган аялдар Бишкек шаарынан базар баасынан арзан батир жана унаа алып берүүнү убада кылышып, жабырлануучудан жалпы 90 миң АКШ долларын алышкан.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн бири — Чүй облусунун 1984-жылы туулган тургуну Р.А. кармалган. Ал 2008-жылдан бери адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенип, Чүй облустук адвокатурасынын мүчөсү экени аныкталган.
Ошондой эле анын ушундай эле ыкма менен башка жарандарды да алдап жүргөнү белгилүү болгон.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Ири өлчөмдөгү алдамчылык”) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
ИИМ бул адамдардын аракетинен жабыр тарткандар же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды +996 503 552 200 номери аркылуу байланышууга чакырат.