Бишкекте мыйзамсыз курулуш аныкталып, 200 миң сом айып пул салынды
Бишкек шаарында курулуш реестрине катталбаган 9 кабаттуу турак жайдын курулушу аныкталып, курулуш жүргүзгөн компанияга 200 миң сом айып пул салынып, иштер убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө Варкутинск көчөсүнүн №35, 37 жана 39 даректеринде курулуп жаткан турак жай курулуш реестрине катталбаганы жана курулуш-монтаждоо иштеринде талаптар сакталбаганы аныкталды.
Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзгөн “Байхан Строй” ЖЧКсына 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынып, бардык мыйзам бузуулар жоюлганга чейин курулуш-монтаждоо иштерин токтотуу тууралуу көрсөтмө берилди.
Ошондой эле объекттин курулуш реестрине катталбагандыгына байланыштуу, кыймылсыз мүлктү сатуу фактысы боюнча ички иштер органдарына расмий кат жөнөтүлдү.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө максатында рейддик иш-чараларды туруктуу негизде жүргүзүп жатканын белгиледи.


