Бишкекте ЦУМдун аймагын көрктөндүрүү иштери башталат
Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде көчмө жыйын өткөрүп, аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Учурда менчик ээлери мурда курулган конструкцияны демонтаждоо иштерин жүргүзүп жатышат. Бул жерде фонтандык композицияны калыбына келтирүү жана жашыл аймакты көрктөндүрүүнү караган эскиздик долбоор даярдалган.
Шаар башчысы "Айчүрөк" ЦУМунун жетекчилигине кайрылып, мурда кетирилген каталарды кайталабоого чакырып, бул аймак шаар тургундары үчүн ачык болуп, коомдук эс алуу жайына айланышы керектигин белгиледи.
Мэр демонтаж иштеринен кийин аймакты тез арада калыбына келтирүү жана көрктөндүрүү иштерин баштоо үчүн акыркы долбоорду кийинки шаар куруу кеңешинин жыйынына даярдоону тапшырды.
Мындан тышкары, Айбек Джунушалиев "Ташболот холдинг" компаниясынын өкүлдөрү менен бирге Old Bishkek долбоорунун аймагын да текшерди. Бул жерде менчик ээлери үч кабаттуу имаратты демонтаждоо чечимин кабыл алышкан. Шаар тургундарынын пикирин эске алуу менен аталган жерде жөө адамдар үчүн аймак жана жашыл зона уюштуруу пландалууда.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр шаардык кызматтарга бул долбоорлордун ишке ашырылышын көзөмөлгө алууну тапшырды. Ошондой эле Чүй проспектисинин боюндагы бардык объектилер, анын ичинде Beren Gold имараты борбор калаанын дизайн-кодуна ылайык келтирилиши керектиги белгиленди.


