КУУнун №4 жатаканасынын ордуна 16 кабаттуу имарат курулуп жатат

КУУнун №4 жатаканасынын ордуна 16 кабаттуу имарат курулуп жатат

Жибек Жолу проспектисинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети үчүн 16 кабаттуу жаңы имарат куруларын бүгүн Жогорку Кеңештин Билим берүү боюнча комитетинин жыйынында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Дурус Исаев билдирди.

Бүгүн комитет Байтик айылында Россия-Кыргыз славян университетинин студенттик шаарчасын куруу боюнча макулдашууну ратификациялоо маселесин карап жатат. Талкуу учурунда депутат Болот Сагынаев Кыргызстандагы башка жогорку окуу жайлар үчүн ушундай мүмкүнчүлүктөр бар-жогун жана жергиликтүү университеттердин карамагында канча жер аянты бар экенин сурады.

Министрдин орун басарынын айтымында, Кыргызстандагы он жогорку окуу жай өзгөчө макамга ээ, бул аларга өнүгүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет. Ал эми жер ресурстары боюнча маалыматты тактап, жазуу түрүндө жооп берерин билдирди.

Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын инфраструктурасын кеңейтүүнүн мисалы катары ал учурда курулуп жаткан КУУнун кампусун келтирди.

Анын айтымында, КУУнун Жибек Жолу проспектисиндеги жатаканасынын ордунда 16 кабаттуу имарат курулуп жатат. Учурда курулуш иштеринин үчтөн бир бөлүгү бүткөрүлгөн. Бул имарат көп тармактуу болуп, анда административдик бөлүм жана студенттер үчүн окуу жайлары жайгашат.

Жыйынтыгында ал Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар үчүн жаңы кампустарды курууга мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан БУУнун кылмыштуулукту алдын алуу жана кылмыш-жаза адилеттүүлүгү боюнча 15-конгрессине катышууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка караганда, делегация курамында юстиция министри Алмаз Айылчиев, Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бар. Жогорку деңгээлдеги сегментте Кыргызстандын

Ишкер Media
У.Ниязбеков: видео-көзөмөлдүн санын жыл аягына чейин 20 миңге жеткирүүгө милдеттүүбүз

У.Ниязбеков: видео-көзөмөлдүн санын жыл аягына чейин 20 миңге жеткирүүгө милдеттүүбүз

Кыргызстанда жыл аягына чейин иштеп жаткан видео-камералардын санын 20 миңге жеткирүү пландалууда. Учурда өлкө боюнча 10 миңден ашуун видео-камера иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинде өткөн аппараттык кеңешмеде ички иштер министри - Улан Ниязбеков билдирди. Кеңешмеде тартип сакчылар 9 айдын жыйынтыгын чыгарып, коомдук тартипти сактоо жана жаш

Ишкер Media
"Нарын" бажысы декларацияланбаган 36 түрдөгү товарды аныктады

"Нарын" бажысы декларацияланбаган 36 түрдөгү товарды аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери текшерүү учурунда декларацияланбаган 36 түрдөгү товарды тапты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кытайдан "К.Б.Г." ЖЧКсынын дарегине келген жүктө үстөл, автосамосвал жана экскаватор тетиктери, гидроцилиндрлер, шиналар жана башка товарлар көрсөтүлгөн. Текшерүүдө кошумча декларацияланбаган товарлар бар экени аныкталган. Товарлар ЕАЭБ

Ишкер Media
Бишкек–Балыкчы поезди 3-4-октябрда кошумча каттайт

Бишкек–Балыкчы поезди 3-4-октябрда кошумча каттайт

Бишкек-Балыкчы багытындагы поездди 3–4-октябрь күндөрү кошумча каттамга чыгат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" МИ билдирди. Маалымдалгандай, поезд белгиленген график боюнча каттайт. Жүрүү убактысы жана жол кире акысы өзгөргөн жок. Бул жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулукту жана транспорттук жеткиликтүүлүктү жогорулатуу максатында уюштурулууда. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча

Ишкер Media