Ош шаарында 1,3 млн сом алимент өндүрүлүп, Баткенде дагы бир карызкор 2 жылга камалды
Ош шаарында 1 304 267 сом өлчөмүндө алимент карызы өндүрүлүп алынганын жана Баткен облусунда алимент төлөөдөн качкан карызкорго 2 жылга эркинен ажыратуу жаза чегерилгенин Сот аткаруучулар кызматы билдирди.
Аталган кызматтын Ош шаардык бөлүмүндө Ж.А.А. аттуу карызкердин 2013-жылдын 15-мартынан 2026-жылдын 1-апрелине чейинки алимент боюнча карызы М.Д.З.нын пайдасына өндүрүү боюнча иши каралган.
Күч колдонуу менен аткаруу чараларынын натыйжасында карыз толук суммасында өндүрүлүп алынып, талапкерге өткөрүлдү.
Баткен району боюнча М.У.Ж. аттуу карызкерге талапкердин пайдасына алиментти 1/3 бөлүгүн өндүрүү боюнча аткаруу барагы келген.
"Сот аткаруучулардын жүргүзгөн чараларына карабай, карызкор соттун чечимин ылайыксыз аткарган. 2022-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 1-сентябрына чейинки алимент карызы 313 833 сомду түзгөн", — деп кабарланат маалыматта.
Бул факт боюнча тергөө органы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлгөн. Кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, Баткен облустук сотунун 2026-жылдын 12-мартындагы чечими менен М.У.Ж. Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин 2-бөлүмү ("Балдарын багуудан качкан ата-энелер") боюнча күнөөлүү деп таанылып, 2 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарылып, сот залында камакка алынды.