Пакистан, Бангладеш жарандарына жасалма №86 формасын жасап бергендер кармалды

Пакистан, Бангладеш жарандарына жасалма №86 формасын жасап бергендер кармалды

Бишкекте мыйзамсыз миграция каналы аныкталып, уюштуруучулар колго түшүрүлгөнүн УКМКдан билдиришти. Атайын кызматтан билдиришкендей, ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Пакистандын жараны А.М. жана ага көмөктөшкөн Улуттук госпиталдын кызматкери И.Т.В. кармалды.

Кылмышка шектүүлөр чет өлкөлүк жарандарга (Пакистан, Бангладеш) медициналык кароодон өткөрбөстөн, виза мөөнөтүн узартуу үчүн колдонулуучу №086 формасындагы жасалма маалымкаттарды сатып келишкен. Алардын жашаган жана иштеген жерлерин тинтүү учурунда виза тариздөөгө даярдалган 160тан ашык жасалма медициналык маалымкат табылды.

УКМК белгилегендей, Түштүк Азия өлкөлөрүндө өлүм көрсөткүчү жогору болгон "Нипах" вирусу жайылып жаткан шартта чет элдиктердин медициналык текшерүүсүз өлкөдө жүрүүсү санитардык-эпидемиологиялык абалга түздөн-түз коркунуч жаратат.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка тараптарды аныктоо боюнча иштер уланууда. УКМК чет элдик жарандарды Кыргызстандын мыйзамдарын так сактоого чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Токмокто органикалык сыр өндүргөн заманбап ишкана иштеп жатат

Токмокто органикалык сыр өндүргөн заманбап ишкана иштеп жатат

Токмок шаарында жайгашкан "Элит Моццарелла" ишканасы күн сайын 30 тоннага чейин сүттү кайра иштетип, сапаттуу органикалык продукция өндүрүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Токмок шаарында жайгашкан "Элит Моццарелла" ишканасы Борбор Азияда кошумчасыз, органикалык сыр өндүргөн алдыңкы ишканалардын бири болуп саналат. Ишкана 2,5 жылдан бери

Дүйнөлүк авиабилеттер баасы жогорулап, айрым каттамдар кыскарып жатат

Дүйнөлүк авиабилеттер баасы жогорулап, айрым каттамдар кыскарып жатат

Дүйнөлүк авиакомпаниялар бааларды көтөрүп, каттамдарды кыскартып жатканын Reuters агенттигине таянып, Kazinform кабарлады. Анда белгиленгендей, АКШ жана Иран жаңжалынан улам авиаотундун баасы кескин өсүп жатат. Буга байланыштуу билеттер кымбаттап, маршруттар кыскартылып, учуу графиктери өзгөртүлүүдө. Авиакомпаниялар билет бааларын жогорулатуу жана каттамдарды оптималдаштыруу зарылдыгын белгилешүүдө. Ири авиакомпаниялар, анын ичинде Delta Air Lines жана

КР БШК төрт жаңы депутатты Жогорку Кеңешке каттады

КР БШК төрт жаңы депутатты Жогорку Кеңешке каттады

КРнын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү отурумунда Ормонов Улугбекти №10 шайлоо округу, Калбердиева Мавлюданы №11 шайлоо округу, Чойбеков Бактыбекти №17 шайлоо округу жана Мурзакимова Алтынкулдү №29 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары катары каттоого алды. Боршайкомдун маалыматына ылайык, тийиштүү токтомдун негизинде аларга депутаттык мандаттар берилди, расмий ырастама жана төш белгилер тапшырылды.

Соң-Көлгө 4,2 млн чабак коё берилди

Соң-Көлгө 4,2 млн чабак коё берилди

Кечээ “Соң-Көл балык чарба” мамлекеттик ишканасы тарабынан Соң-Көл көлүнө май-канат (сиг-лудога) балыгынын орточо салмагы 0,30 грамм болгон 4 миллион 200 миң даана чабак коё берилди.Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чара Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине