Таласта 16,9 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Таласта 16,9 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Талас шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында жер жана мүлк мыйзамдарынын бузулушу аныкталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1996-жылы Талас райондук ветеринардык башкармалыгына таандык болгон 0,34 гектар жер тилкеси жана кампа курулмалары мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткен.

Прокурордук чаралардын негизинде жалпы баасы 16 млн 948 миң 600 сомду түзгөн жер тилкеси жана кампа курулмалары мамлекеттин балансына кайтарылды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын тышкы соодасы 1,1 млрд долларга жетти

Кыргызстандын тышкы соодасы 1,1 млрд долларга жетти

2026-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 1,1 млрд АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,0%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматына шилтеме берүү менен билдирди. Ошол эле учурда экспорт 20,3%га кыскарып, импорт 6,1%га көбөйдү. Жалпы

Токтогул жол тейлөө ишканасында мыйзам бузуу аныкталды

Токтогул жол тейлөө ишканасында мыйзам бузуу аныкталды

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгы Токтогул жол тейлөө ишканасында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Анын жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталып, мекемеге доо коюлду. Маалыматка ылайык, ишкананын асфальт-бетон заводу 20 диаметрдеги суу түтүгү аркылуу жер үстүндөгү

Бишкекте муниципалдык ижараны эми онлайн башкарууга болот

Бишкекте муниципалдык ижараны эми онлайн башкарууга болот

Бишкек шаарынын "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы "Менин шаарым" мобилдик тиркемесинде жаңы "Муниципалдык менчик ижарасы" функциясы ишке киргизилгенин билдирди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Жаңы функция ижарачылар үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылып, мекемелерге баруу жана кагаз документтерди толтуруу зарылдыгын жоёт. Бул өз кезегинде убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк

Эки айда кызмат көрсөтүү тармагы 107,1% өсүштү камсыздады

Эки айда кызмат көрсөтүү тармагы 107,1% өсүштү камсыздады

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда социалдык-экономикалык өнүгүү туруктуу өсүштү көрсөттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына таюнуу менен билдирди. Маалыматка ылайык, кызмат көрсөтүү тармагы ИДПнын түзүмүндө дээрлик 50% үлүштү ээлеп, экономиканын негизги кыймылдаткычы бойдон калууда. Бул тармак экономикалык өсүшкө 4,82%дык