20 миллион сомго жакын алдамчылык кылган шектүү кармалды
Кыргызстанда 20 миллион сомдон ашык зыян келтирген ири алдамчылык схемасы ашкереленгенин ИИМ билдирди.
Милицияга кайрылган жаран 2026-жылы "Феникс" компаниясынын өкүлү ишенимине кирип, бир жыл ичинде кешбэк төлөп беребиз деген шылтоо менен андан 34 миң 500 сом алганын билдирген. Милдеттенмесин аткарбастан, аял из жашырып кеткен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголду. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 1980-жылы туулган Н.Ч. Осмонова аттуу шектүү кармалды.
Азыркы учурда 26 адам арыз менен кайрылган. Алдын ала келтирилген зыян 20 млн сомго жакын деп бааланууда. ИИМ жабырлануучулардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин четке какпайт.
Шектүүгө айып тагылып, сот аны камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандады. Тергөө иштери уланууда, мүмкүн болгон шериктештер аныкталууда.