Бишкектеги айрым мектептер өзгөчө инженердик ыкмалар менен курулууда
Курулуш министри Нурдан Орунтаев Бишкекте курулуп жаткан 20 мектептин иштерин текшерип, жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Айрым объекттер татаал шарттагы аймактарда жайгашкан. Алардын ичинде №94 мектептин 750 орундуу корпусу (Дордой), Достук айылындагы 750 орундуу мектеп, №32 мектептин 250 орундуу жана №46 мектептин 450 жана 650 орундуу корпустары бар.
Инженердик изилдөөлөрдүн негизинде №46 мектепте свайлык, №32 мектепте дренаждык ыкма колдонулууда. Ошондой эле жерди бекемдөө үчүн шагыл төшөлүп, темир-бетон плитасы куюлууда.
№94, №86 мектептерде жана Достук айылында жер 6–8 метр казылып, кайра толтурулуп пайдубал орнотулууда.
Курулуш иштери татаал шарттарга карабастан уланууда. Долбоорлор коопсуз жана туруктуу чечимдер менен ишке ашырылууда.
2026-жылы Бишкекте 20 мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулууда.





