Нарындагы "Кыргыз жүн" ишканасы өндүрүшүн кеңейтүүдө
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Нарын облусунун Миң-Булак айыл өкмөтүндө жайгашкан "Кыргыз жүн" жүндү кайра иштетүүчү ишканасына барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Иш сапардын жүрүшүндө министр өндүрүш процесси, колдонулган технологиялар жана даяр продукциялар менен таанышып, тармакты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
"Кыргыз жүн" ишканасы 2019-жылы ишке киргизилген. Жалпы аянты 1000 чарчы метрди түзүп, жылына 60 тонна жүндү кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Өндүрүш жабдуулары негиздөөчү Курманбек Жакшылыков тарабынан өз каражатына алынган.
Ишканада боз үйгө керектүү кийиздер, шырдактар жана жүндөн жасалган башка буюмдар чыгарылып, кардарлардын буйрутмасы боюнча да продукция даярдалат. Учурда ишкана Ысык-Көл облусун кийиз продукциялары менен 90 пайызга чейин камсыздап келет.
Азыркы учурда ишканада 9 адам эмгектенет. Кошумча өндүрүш линиясы курулуп, анын ишке кириши менен дагы 7–8 жаңы жумуш орду түзүлөт.
Иш сапардын алкагында тармакты колдоо, өндүрүштү кеңейтүү жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү арттыруу боюнча сунуштар каралды.