Баткенде бир катар айылдар таза суу менен камсыздалат
Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментине караштуу "Тунук суу" долбоорунун адистери Баткен облусунда жаңы суу системаларынын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Лейлек районунун Мурас айылында курулуш иштеринин 90%ы аяктап, жакынкы убакта пайдаланууга берилери күтүлүүдө. Долбоор ишке кирсе, 3 миңден ашуун тургун таза суу менен камсыз болот.
Баткен районунун Кара-Булак айылында 14 чакырымдык суу түтүгү жана суу алуучу курулмалар салынат. Натыйжада 4 миңге жакын тургун, 2 мектеп, 2 бала бакча жана ФАП таза суу алат.
Кадамжай районунун Советское айылында да курулуш иштери жүрүп, 2200гө жакын тургун таза суу менен камсыздалат.
Адистер курулуштун сапатын жана мөөнөтүн текшерип, подрядчыларга тиешелүү тапшырмаларды беришти.
Ошондой эле иш сапардын алкагында Мурас айылында жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен 1 м³ ичүүчү таза сууга болгон тарифти макулдашуу боюнча коомдук угуу өткөрүлдү.